Мазмунга өтүү

Челпек көрүстөнү: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Undo revision 83401 by Канымбу (talk)
(Айырма жок)

26 апрель 2012, саат 09:12 учурдагы нуска

Чельпек көрүстөнү – б.з.ч. 6–3-кылым сак урууларынан калган мүрзөлөр. Пржевальск шаарынан 2 км түштүк-батыш тараптагы Чельпек айылынан орун алган. Миңге жакын дөбө мүрзөдөн турат. 1976-жылы коло буюмдар, үстөл жана казандар табылган. Үстөлдүн буттары аялдын бедизи түрүндө жасалган. Казанактардын биринде 2 топоздун сөөгү сакталган.

Адабият

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.