Челпек көрүстөнү
Көрүнүш
Чельпек көрүстөнү – б.з.ч. 6–3-кылым сак урууларынан калган мүрзөлөр. Пржевальск шаарынан 2 км түштүк-батыш тараптагы Чельпек айылынан орун алган. Миңге жакын дөбө мүрзөдөн турат. 1976-жылы коло буюмдар, үстөл жана казандар табылган. Үстөлдүн буттары аялдын бедизи түрүндө жасалган. Казанактардын биринде 2 топоздун сөөгү сакталган.
Адабият
Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.