Мазмунга өтүү

Афины

Афина‎»‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Афины
Өлкө Греция
Координаттар 38°00′00″ с. ш. 23°43′00″ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү 7 муниципалдык район
Мэр Георгиос Каминис
Тарыхы жана Географиясы
Биринчи белгиленген XV к. б. з. ч.
Аянты 412 км²
Борборунун бийиктиги 20 м
Климатынын түрү субтропиктик
Убакыт аралыгы UTC+2, жайында UTC+3
Калкы
Калкы 3 090 508 адам (2011)
Жыштыгы 7 462 (шаар)
1 276 (агломерация) адам/км²
Агломерация 3 737 550
Улуттук курамы гректер
Этнохороним афинылык, афинылыктар
Сандык идентификаторлор
Почта индекстери 10x xx, 11x xx, 120 xx
Автоунаа коду BK, BM, BN, BP, HY, IA, IB, IE, IK,
IM, IO, IP, IT, IX, IY, IZ, OA, TT, XE, XH, XP, XT, XX, XY,
XZ, YA, YB, YE, YH, YZ, ZH, ZK, ZM, ZZ
Расмий сайты http://www.cityofathens.gr/
 (грек.)  (англ.)

Афины (жаңы грекче Αθήναι, Aqhnаi) - Грек Республикасынын борбор шаары. Түштүк Европадагы эң ири шаарлардын бири. Аттика номунун (административлик-аймактык бирдик) административдик борбору. Административдик жактан муниципалдык округдарга (демосторго) бөлүнгөн. Калкы 729 миң (2005; Пирей шаары жана шаар айланасы менен Чоң Афиныны түзүп, калкы 3,7 млнго жетет). Шаар Аттика жарым аралында, Эгей деңизинин Сароникос булуңунун жээгиндеги дөбөчөлөрдө (Ликавит, Акрополь, Ареопаг, Пникс, Филопаппа жана башка), Педион өрөөнүндө жайгашкан. Маанилүү жолдор тоому (башкы магистралдык жолдору Салоникага, андан ары Македония, Болгария жана Түркиянын чегараларына жетет). Темир жол тармактары шаарды Пелопоннес жарым аралы жана өлкөнүн батыш бөлүгү менен байланыштырат. Эл аралык аэропорттору, метрополитен (Афиныны Пирей менен байланыштырат) бар. Афинынын аванпорту - Пирей Грекиянын ири порту. Афинынын так негизделген жылы белгисиз. Анын аталышын байыркы гректер шаардын колдоочусу деп саналган Афина Паллада кудайы менен байланыштырган. Уламыш боюнча азыркы Афины шаары жайгашкан жерге адамдар биздин заманга чейинки 16-13-кылымда отурукташа баштаган. Афины байыркы Аттикадагы ири экономикалык, саясий жана маданий борбор, өз алдынча шаар-мамлекет болгон. Ал биздин заманга чейинки 146-жылдан биздин замандын 395-жылына чейин Рим империясына, 395-1204-жылдары Византияга караган. 1204-1458-жылдары Афины герцогдугунун борбору. 1458-жылы түрктөр тарабынан басылып алынган. 1834-жылдан Грекиянын борбору жана королдук резиденция. Эл аралык туризмдин (2000-жылы10 млн) борбору. Көптөгөн конгресс, симпозиумдар (өзгөчө тарых жана искусство жаатында) өткөрүлөт. Архитектурасы шаарга кайталангыс көрк берип турат. Афинынын тарыхый чордону болгон Афины Акрополу көтөрүлүп турат (Бүткүл Дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген). Этегинде Агора аянты жайгашкан. Түштүгүнөн Дионис театры (6-кылым биздин заманга чейинки 326-жыл) жана Аттикадагы Герод одеону (биздин замандын 161-жылынан кийин) Акрополго жалгашат. Илгери алар үстү жабык узун галерея (биздин заманга чейинки 2-кылым) менен байланышып турган. Рим Сенатору Филопапптын күмбөзү (114-116), Керамик аймагынын некрополу («Керамик» музейи, биздин заманга чейинки 5-4-кылым), Гефестейон храмы (же Тезейон биздин заманга чейинки 449-444), Агриппа жана Гимнасия одеондорунун калдыктары (биздин заманга чейинки 1-кылымдын аягы биздин замандын 2-кылымы; бардыгы Агорада), Лисикраттын эстелиги (биздин заманга чейинки 335-334), Зевс храмы, Византия доорундагы чиркөөлөр (Ыйык Апостол, 1000-25; Ыйык Феодор, 1065-жыл чен; Ыйык Екатерина, 11-12-кылым, Кичи Митрополия, 12-кылым жана башкалар), Жаңы шаардын чегинде 11-кылымдын кечилканалары, Элевсиндин калдыктары сакталган. Классицизм стилиндеги курулуштар, эски король сарайы (учурда парламент жайгашкан), театр, ИА (1926), университеттер (техникалык, улуттук), жогорку мектептер, «Атенеум» консерваториясы, китепканалар, музейлер, улуттук живопись галереясы (1900-жылдан) бар. Эл аралык (вокалист, пианисттер, дирижёр, композиторлор) конкурстар өткөрүлүп турат. 1896-жылы I, 2004-жылы XXVIII Олимпия оюндары өткөрүлгөн. Афины - Грекиянын башкы экономикалык борбору. Металлургия, машина куруу (анын ичинен кеме, автомобиль), нефть ажыратуу, химия, целлюлоза-кагаз, текстиль, булгаары-бут кийим тигүү, тамак-аш, тамеки, цемент өнөр жайлары, азот кислотасы өндүрүшү (Пирейде) бар. Суунун жетишсиздигинен шаар жакшы жашылдандырылган эмес. Боз түшүп (смог) турат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1