Колдонуучунун баарлашуулары:Artelow
Ишенимдүү булактар
[булагын түзөтүү]Арыбаңыз.
Салымыңыз үчүн рахмат.
Википедияга маалымат ишенимдүү булактардын негизинде кошулат. «Химба» макалаңызды булактар менен толуктоо керек.
Ошондой эле макала түзүү алдында пландалган макала бар же жок экендигин текшерүү керек (интерфейстин өйдөңкү жагындагы издөө талаасында). Бир предметке бир макала түзүлөт. Макалалар ар кандай аталышы мүмкүн (каталар менен, предметин чагылдырбай ж.б.), муну да эске алуу керек. Андыктан, шек жаралса макаланын мазмунун текшерүү керек.
Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө калк конуштарынын, административдик-аймактык бирдиктердин аталгылары кайталанышы мүмкүн. Адашпасам Жерге-Тал айыл аймагы 4 райондо бар (Аксы, Ак-Талаа, Нарын, Талас). Мындай учурларда атайын барактар түзүлөт.
Бул сүрөттөрдүн төмөнкү оң жагындагы белгилерин алып ушул эле файлдарды жаңыртсаңыз жакшы болот эле (энциклопедияда мындай сүрөттөр жактырылбайт):
Bosogo (баарлашуу) 08:18, 6 Май (Бугу) 2023 (UTC)
- @Bosogo Саламатсызбы. Мен Википедия котормого сунуштаган гана макалаларды которудамын.
- Химбаны толуктайын.
- Жерге-Талдын сүрөттөрүн издеп же жок болсо кесип оңдоп коём.
- Кайсыл убакта экенин так айта албаймын Artelow (баарлашуу) 12:15, 7 Май (Бугу) 2023 (UTC)
- @Bosogo Сүрөттөрдүн түп нускасын таптым жана баракчадагы сүрөттөрдүн төмөнкү оң жагындагы белгилери жогуна алмаштырып койдум
Тире/дефис
[булагын түзөтүү]Саламатсызбы. Кыргыз Википедиясында тире менен дефис белгилери төмөнкүдөй берилет:
- тире: «—»;
- дефис: «-».
Макалалар тийиштүү деңгээлде таризделиши керек. Bosogo (баарлашуу) 10:31, 31 август 2023 (UTC)
- Акыркы, мен тарабынан кошулган барактар оңдолду:
- Жогорку_баскычтагы_улуттук_домен
- .af
- Альберт Келнер
- .ad
- .ac Artelow (баарлашуу) 08:29, 1 сентябрь 2023 (UTC)
Кыргыз Вики жамаатын калыптандыруу боюнча
[булагын түзөтүү]Саламатсызбы Талант мырза! Кыргызча википедияга салым кошум жатканыңыз үчүн ыраазычылык! Менин атым Элбек. Биз кыргызча википедияны жана анын жамаатын өнүктүрүү боюнча иш алып баруудабыз. Жакынкы күндөрү жакшы бир иш-чара пландалууда... Ошондуктан төмөнкү номерге байланышып койсоңуз: 0554270597@Artelow Элдин беги (баарлашуу) 15:19, 2 ноябрь 2023 (UTC)
- Элбек мырза, саламатсызбы.
- Телефон номуру менен байланышууга болбоду. Бул номур боюнча эч ким жооп бербеди. Artelow (баарлашуу) 11:07, 3 ноябрь 2023 (UTC)
- Саламатсызбы Талант мырза. 0775270597 ушул номерге ватсаптан жазып же чалыңыз. Жогорудагы номур да иштейт болчу. Албай калган окшоймун. Иш-чара 17-ноябрда башталат, андыктан эртелетип байланышыңыз. Элдин беги (баарлашуу) 08:59, 15 ноябрь 2023 (UTC)
Чет тилдеги категориялар
[булагын түзөтүү]Саламатсызбы. Которгуч аркылуу которуп жаткан макалаларыңыз чет тилде жазылган категориялар менен кошо жарыяланууда. Сураныч, макаланын таризделишин алдын ала текшерсеңиз. Анткени биз чоң тилдүү Википедия эмеспиз, адам ресурстарыбыз чектелүү. Өзүңүз оңдобосоңуз, начар таризделген бойдон ондогон жылдарга калышы мүмкүн. Антсе Кыргыз Википедиясынын баркына терс таасир этет. Кыргыз тилиндеги маалыматка ишеним калыптандыруу үчүн маңызы менен таризделиши так болушу керек:
1) сноскалардын таризделиши (сноска чекиттин алдында коюлат): «сөз.[1]» же «сөз. [1]» ---> «сөз[1].»;
2) ички шилтемелер (сөздүн мүчөсү да шилтемеге кирет): «Шилтеменин» ---> Шилтеменин ([[Шилтеме|Шилтеменин]] — викитекст);
3) кайрадан эле дефис менен тире туура эмес коюлуп жатат (тире "бул" деген сөздүн ордуна колдонулат):
Википедия бул онлайн энциклопедия же Википедия — онлайн энциклопедия (тире ― түзөтүү интерфейсининин "атайын белгилер" -> "белгилер" деген жеринен табасыз));
Таш-Булак, Таш-Мойнок, 1-апрель, илимий-усулдук (дефис — клавиатурадан тересиз);
4) тизмелердин таризделиши (ар бир тизменин элементинен кийин «;» белгиси коюлат):
- бир;
- эки.
Үлгү катары «Кыргызстан» макаласын карасаңыз болот.
Сапат артыкчылыктуу. Рахмат.
Иш-чара боюнча мен менен bosogo00@gmail.com аркылуу байланышсаңыз болот. Bosogo (баарлашуу) 13:35, 8 ноябрь 2023 (UTC)
- @Bosogo Азырынча которуларлы жана жаңы макалаларды кошууну токтотуп эле турайын, администраторлорлун кыжырын келтирбей. Бир дагы татыктуу нускама жок экен, макалалар ар түрдүү формада жана стилистика жазылгандыгына байланыштуу, бир калыпка келтирүү чындыгында кыйын.
- Эң чоң кыйынчылыктар бул калыптар, калыптардын түзүмү өтө начар которулуп кайсы сап эмнени билдирери белгисиз.
- Макалаларды которуда - котормо аспабы аркылуу которуп анан макаланын өзү аркылуу толуктап жаткан болчумун. Себеби: макалаларды башка тилдер менен байланыштыруу укугу менде жок.
- Акыркы бир суроо Шилтемелер же Шилтеме кайсыл варианты туура? Artelow (баарлашуу) 14:17, 8 ноябрь 2023 (UTC)
- @Artelow Макаланы башка викиден түздөн-түз которбой да түзсө болот. Мыктыраак жазсак болот. Нускама макаланы сунуштадым - Кыргызстан. Мындан тышкары башка тилдүү викилерди карасаңыз болот. Сноскалар боюнча - Кыргызстанда ж.б. постсоветтик өлкөлөрдө сноскалар чекиттин алдында коюлат. Ушундай калыптанган. Англис тилдүү дүйнөдө чекиттен кийин.
- Википедияны биз түзүп жатабыз. Башка бирөө келип бизге кыргыз тилиндеги мыкты энциклопедияны белек кылып бербейт. Бирдейликти кааласаңыз - макалаңыздар бирдей болушу керек, башкаларды да оңдосоңуз болот.
- Андай укук ар бир колдонуучуда бар. Интерфейстин оң жагында тийиштүү баскычты таба аласыз.
- Экө тең туура: шилтеме - жекелик санда, шилтемелер - көптүк санда.
- Сандан сапат артыкчылыктуу. Эмнеге ? Начар жазылган же таризделген макаланы эч ким окубайт баары бир. + Википедиянын баркына сокку. + Кыргыз тилине сокку. "ААА КЫРГЫЗДАРДЫН КОЛУНАН ЭЧ НЕРСЕ КЕЛБЕЙТ" ж.б. у.с. ойлор келет. Эгерде катаал чараларды көрбөсөк - азыркы төмөн деңгээлде калабыз (жалпы кыргыз тилдүүлөр). Начар макаланы эч ким көрбөшү керек. Интернеттен окуп көрсөңүз Кыргыз Википедиясы тууралуу кандай ойлор бар.
Мисалы, «Такова и кыргызская Википедия, вся в ошибках. По моему никто ею не пользуется.» Мындай ой-пикирлерден арылуу үчүн ЧОҢ, ТАТААЛ эң негизгиси - ТУРУКТУУ, УЗАК МӨӨНӨТТҮҮ жумуш жасаш керек. Жылдар өтөт. Көптөгөн нерв кетет. Мисалы мен деле мунун баарын кылууга милдеттүү эмесмин. Бирок, абалды көрүп, кыргыз тили жоголуп баратат, кухнянын тили болуп баратат деген ойлор үчүн аракетти жумшап жатам.
ru:Наполеон I, ru:Википедия:Кандидаты в избранные статьи#Требования к статье. Bosogo (баарлашуу) 15:50, 8 ноябрь 2023 (UTC)- Саламатсызбы. Акырындап макалалардын сапатын жакшыртып жатамын. Эми колдон келишинчи биздин тилдеги Википедияны жакшыртабыз деген ойдомун. Artelow (баарлашуу) 14:19, 13 ноябрь 2023 (UTC)
- @Artelow Макаланы башка викиден түздөн-түз которбой да түзсө болот. Мыктыраак жазсак болот. Нускама макаланы сунуштадым - Кыргызстан. Мындан тышкары башка тилдүү викилерди карасаңыз болот. Сноскалар боюнча - Кыргызстанда ж.б. постсоветтик өлкөлөрдө сноскалар чекиттин алдында коюлат. Ушундай калыптанган. Англис тилдүү дүйнөдө чекиттен кийин.
КР ЖКнын чакырылыштарынын депутаттары тууралуу
[булагын түзөтүү]Саламатсызбы.Төмөнкү макалаларыңызда булактар келтирилбегендиги үчүн өчүрүлүп, мейкиндигиңизге көчүрүлдү:
Колдонуучу:Artelow/Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин IV чакырылышынын депутаттары;
Колдонуучу:Artelow/Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаттары;
Колдонуучу:Artelow/Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттары;
Колдонуучу:Artelow/Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттары.
Буларды жеткире иштеп чыгып, негизги мейкиндикке чыгарса болот. Калооңуз бар болсо, ал макалаларды КР ЖКнын чакырылыштарын толук кандуу чагылдырган макалаларга айлантса болот. Ошондо депутаттардын тизмеси макаланын бөлүмү эле болуп калат. Bosogo (баарлашуу) 13:42, 14 январь 2024 (UTC)
- Саламатсызбы. Маалыматтарды тактап толуктап, сиз сунуштаган вариантта чыгарамын. Азырынча толук маалымат жоктугуна байланыштуу менин мейкиндигимде эле кала берсин.
- Ыраазычылык билдирем. Artelow (баарлашуу) 07:10, 15 январь 2024 (UTC)
Эскертүү
[булагын түзөтүү]Өтө кыска (макалалардын сапаты) же булактар келтирилбеген барактарды түзгөнүңүз Википедия принциперине дал келбейт. Мындай аракеттер кайталанса убактылуу бөгөттөлүшүңүз мүмкүн. Bosogo (баарлашуу) 19:59, 24 февраль 2024 (UTC)
- @Bosogo мисалы кайсы макалалар? шилтемесин берип коюңузчу Artelow (баарлашуу) 20:18, 24 февраль 2024 (UTC)
- @Artelow 1860 - мына мазмуну жок (калыптар мазмун эмес, алар кызматтык функцияны аткарат). Дагы бир мындай көрүнүш байкалса бөгөттөлөсүз. Bosogo (баарлашуу) 20:20, 24 февраль 2024 (UTC)
Администратордон түшүрүүгө шайлоого чакыруу
[булагын түзөтүү]Арыбаңыз! Урматтуу Artelow. Мен Кыргыз Википедиясындагы Bosogo’нун администраторлугунан кетирүүгө сизди чакырып жатам. Bosogo бир нече жолу өзүнүн жагдайы менен колдонуп, башка колдонуучуларга жол бербей. 3200 макаланы жок кылып (Өзүнүн чечүүсү боюнча) Жана ага каршы чыккандарга бөгөт койгондугуна себеп койдум.
Шайлоо бул жерде өтүп жатат. HOMIEZAVR (баарлашуу) 18:52, 16 март 2024 (UTC)
Сураныч
[булагын түзөтүү]Саламатсызбы. Сиз калыптарды түзүүгө ынтызар экениңизди көрүп турам, бирок калыптардын аягында карталардан башкасын кошпонуз {{Documentation}}. Урматтоо менен Incall talk 19:22, 28 май 2024 (UTC)
- Саламатсызбы. Маалымат бергениңиз үчүн чоң ырахмат. Инфобоксторду жасоо туралуу окуу материалдары болсо, бөлүшүп коюңузду өтүнөм. Artelow (баарлашуу) 10:11, 29 май 2024 (UTC)
- Мен азыр Орусча Википедияда калыптарды жазуу эрежелерин айта алам, бирок Кыргыз Википедиясында калыптар кандай иштээрин түшүнбөй атам. Incall talk 18:03, 30 май 2024 (UTC)
- Менде да ошондой көйгөй))) Artelow (баарлашуу) 12:47, 31 май 2024 (UTC)
- Мен азыр Орусча Википедияда калыптарды жазуу эрежелерин айта алам, бирок Кыргыз Википедиясында калыптар кандай иштээрин түшүнбөй атам. Incall talk 18:03, 30 май 2024 (UTC)
Жунгли китеби (мультфильм)
[булагын түзөтүү]Could you recreate this article please? I personally love this movie, and I'm disappointed to see the page deleted. Another movie I love is Түлкү жана мергенчи ит, and I wish you could improve that page if possible. 2602:306:3384:B280:D168:3461:389D:D348 18:28, 24 июль 2024 (UTC)
- Макул, которуп кыргыз тилиндеги Википедияга кошуп коем. Artelow (баарлашуу) 07:11, 25 июль 2024 (UTC)
- I'm sorry, but it's been almost three months and neither article has been written yet. When can you get to them? Maybe start with Түлкү жана мергенчи ит because this page is short which means it might get deleted. 2602:306:3384:B280:2DD9:28AC:D987:9512 20:16, 8 октябрь 2024 (UTC)
- кошуп жатам Artelow (баарлашуу) 09:49, 9 октябрь 2024 (UTC)
- I would like to request four more: Суу периси, Жунгли китеби (мультфильм), Аладдин (мультфильм 1992), and Мулан (мультфильм 1998). 2602:306:3384:B280:2DD9:28AC:D987:9512 20:15, 9 октябрь 2024 (UTC)
- Мен негизи бул багыттагы барактарды толуктоону азырынча жасабай элемин, бирок кошумча бош убакыт болуп калса - кошуп коём. Artelow (баарлашуу) 08:25, 15 октябрь 2024 (UTC)
- I would like to request four more: Суу периси, Жунгли китеби (мультфильм), Аладдин (мультфильм 1992), and Мулан (мультфильм 1998). 2602:306:3384:B280:2DD9:28AC:D987:9512 20:15, 9 октябрь 2024 (UTC)
- кошуп жатам Artelow (баарлашуу) 09:49, 9 октябрь 2024 (UTC)
- I'm sorry, but it's been almost three months and neither article has been written yet. When can you get to them? Maybe start with Түлкү жана мергенчи ит because this page is short which means it might get deleted. 2602:306:3384:B280:2DD9:28AC:D987:9512 20:16, 8 октябрь 2024 (UTC)
Булактардын жоктугу
[булагын түзөтүү]"Чад" макаласында бир да булак жок. Википедиянын негизги принциптерине ылайык ар бир макала ишенимдүү булактар менен коштолушу керек. Буга байланыштуу аталган макала жок кылынууга жатат. Bosogo (баарлашуу) 10:35, 29 июль 2024 (UTC)
- Мен бүтө элек калыбын кошуп, макаланы толуктап жатканымды түшүндүрүүгө аракет кылып жатам. Википедиянын негизги принциптеринде макаланы баштаар замат бүтө кал деген талап жоктугуна таянып, маалыматтарды текшерип, булактар менен толуктап жатам.
- Мисалы Науру, Кытай макалаларын мен бир нече күндө/жумада толугу менен толуктап чыктым жана такыр эле мындай суроолор жаралган эмес. Кытай макаласы азыр толуктугу жана көлөмү боюнча 5 орунда.
- Бир дагы булагы жок макалаларды, дубликаттарды таап delete калыбын дагы кошуп жатам. Мен баштаган макалаларды бир жумага жетпеген эле убакта модерация кылып жок кылуу Википедиянын принциптерине туура келбейт деп ойлоймун.
- Эгер менин түшүнүгүмдө мүчүлүштүктөр болсо оңдоп, тууралап жана туура маалымат берип коёсуз деген ойдомун. Artelow (баарлашуу) 11:33, 29 июль 2024 (UTC)
Международные организации
[булагын түзөтүү]Здравствуйте. Можете ли помочь с созданием страниц для международных организаций на кыргызском языке и различных организаций? 46.251.213.190 13:53, 6 август 2024 (UTC)
- Добрый день.
- Как будет свободное время могу добавить Artelow (баарлашуу) 06:38, 9 август 2024 (UTC)
Request
[булагын түзөтүү]Can you please fix up the following pages: Википедия:Сомо/Суу периси, Википедия:Сомо/Аяз кучагы (саундтрек), and Википедия:Сомо/YouTube? 2602:306:3384:B280:A558:A11A:74D4:532E 17:44, 14 октябрь 2024 (UTC)
- Убакыт болгондо толуктап коём Artelow (баарлашуу) 08:24, 15 октябрь 2024 (UTC)
Домендердер --> домендер
[булагын түзөтүү]Кулактандырып коёюн дегем. 60 чактай макалаңызда техникалык ката (домендердер) кеткен окшойт. Bosogo (баарлашуу) 19:52, 23 октябрь 2024 (UTC)
- @Bosogo Чоң ырахмат, түшүндүм. Оңдоп-түздөөнү бүгүн баштаймын. Artelow (баарлашуу) 20:01, 23 октябрь 2024 (UTC)
- @Bosogo58 баракта белгиленгендей орфографиялык ката оңдолду Artelow (баарлашуу) 08:34, 24 октябрь 2024 (UTC)
Числодогу үтүр
[булагын түзөтүү]Саламатсызбы. Макалаларыңыздагы числолорду, мисалы Тринидад жана Тобагонун аянтын мындай түрдө жазыптырсыз: 5,131 км², муну кыргыз тилдүү 5 бүтүн 131 чарчы километр деп түшүнөт (5 км² 131 000 м²). Бирок, аянты 5131 км², ошондуктан мындай жазганыңыз түшүнбөстүктөргө алып келүүдө. Үтүрлөрдү англис тилдүүлөр разряддарды белгилөө үчүн колдонушат. 5 бүтүн 131 чарчы километрди англис тилдүүлөр "5.131 км²" деп беришмек. Аларда чекит, бизде үтүр.
Чоң числолордун визуалдуу кабыл алынуусун жеңилдетүү үчүн бизде боштуктар менен жазышат:
- 1400567 → 1 400 567 (англисче: 1,400,567);
- 15678 → 15 678 (англисче: 15,678);
- 5131 (он миңге чейинки числолор бирге жазылат; англисче болсо: 5,131).
Bosogo (баарлашуу) 19:27, 18 ноябрь 2024 (UTC)
- Саламатсызбы. Сиздин маалымат эске алынат жана мурунку кошулган барактардагы сандар оңдолот. Ыраазычылык билдирем. Artelow (баарлашуу) 08:27, 19 ноябрь 2024 (UTC)
- Рахмат. Bosogo (баарлашуу) 13:10, 19 ноябрь 2024 (UTC)
Жалган туулар
[булагын түзөтүү]Саламатсызбы. "Экинчи дүйнөлүк согуш" макаласындагы калыпка Кытайдын, Монголиянын, Ирактын, Ирандын, Тыванын, Испаниянын, Грециянын, Мексиканын, Гондурастын, Венгриянын заманбап тууларын кошуптурсуз. Маалыматты текшерип кошуу керек! Bosogo (баарлашуу) 13:37, 21 ноябрь 2024 (UTC)
- Саламатсызбы!
- Бул туралуу маалыматтым бар болчу жана желектердин тарыхый варианттарын кошууга камданып жаткам - [[Файл:X.xxx]] форматында эмес {{желек|Италия Королдугу}} форматында.
- Дагы бир жолу, кандайдыр бир келишимге келүү максатында эрежелердин керектиги ачык болуп калгандай, мисалы: Кыргыз Викисинин принциптеринде так убакыттык чектөөлөрдү киргизүү дегендей...
- Желектердин тарыхый варианттарын кошуп койгоңуз үчүн ыраазычылык билдирем. Artelow (баарлашуу) 07:25, 22 ноябрь 2024 (UTC)
- Дагы бир жолу Википедия жеке баракчаңыз эмес. Убактылуу жалган туулар туруп турсун деген ЭНЦИКЛОПЕДИЯДА орунсуз, эмки жолу мындай түзөтмөлөр жөн эле жокко чыгарылат. Андан көрү мындай жалганды такыр эле кошпой койгонуңуз жакшы (мамлекеттердин өзүн гана же туура гана тууларды кошсо болмок). Bosogo (баарлашуу) 12:12, 22 ноябрь 2024 (UTC)
Домендер
[булагын түзөтүү]Дагы бир маселе. 2023-жылы кыска мөөнөттө домендер тууралуу көптөгөн макала түзүптүрсүз. Башка салымыңыз менен катар убагында кеп кылгам, бирок андан кийин да мындай макалалар түзүлө берген экен. Ал макалаларыңызда машиналык котормонун белгилери байкалууда. Эң чоң белгилердин бири ― көп макалада иштебеген файлдардын турганы. Ал файлдар тийиштүү википедияларда иштейт (ак ниет пайдаланууда), бул үчүн которуу куралын аркылуу которуп бүткөндө, макала кандай болуп жарыяланганын карабагансыз (басымдуу бөлүгүн) дегенге келдим. Андай болбосо төмөнкүдөй болмок эмес:
Кээ бир макалаларда сүйлөмдүн аягында чекит коюлган эмес ж.б.у.с. каталар байкалууда. Кээ бир терминдердин котормосу, бирдейликтин жоктугу боюнча да маселе жаралды. Мисалы, калыптын "максаты" параметринде: "Х менен байланышкан уюмдар", башкасында "Х менен байланышкан объекттер", ".biz — бизнес үчүн", ".com — коммерциялык уюмдар үчүн" (.biz да, .com да бизнес/коммерциялык уюмдарга арналган).
Байкашымча, эми жогорку деңгээлдеги жалпы домендерди жүктөгөнү жатасыз. Кээ бирлери жакында жүктөлдү: кайра эле иштебеген файл турат. "Иш үстүндө" адамга карата колдонулат, анын ордуна "колдонууда" дегенди сунуштайм. Кичинекей макаланын абзацында бир сөзгө бир нече жолу шилтеме берип жатасыз (жаңылышпасам, өнүккөн википедияларда мындай жактырылбайт, себептер бар), даталарга, анын ичинде макаланын негизги текстиндегилерге да шилтеме берип жатасыз (бул да өнүккөн википедиялардын практикасына дал келбейт, мен аны менен макулмун).
Сын-пикирлеримди, сунуштарымдын көбүн эске алганыңызга ыраазычылык билдирем. Азырынча сиз эң жигердүүлөрдүн бири болгону үчүн мындай маселелер жарала берет, туура түшүнүп жатканыңызга ишенем. Bosogo (баарлашуу) 17:21, 21 ноябрь 2024 (UTC)
- Сунуштар кабыл алынды, оңдоолорду жакынкы бир нече күндө аяктаймын.
- Чынын айтсам ал убакта менин Викидеги тажрыйбам өтө төмөн эле, ошондуктан мүчүлүштүктөр үчүн кечирим сураймын. Ал барактарды оңдоп койгонуңуз үчүн ыраазычылык билдирем. Artelow (баарлашуу) 07:46, 22 ноябрь 2024 (UTC)
- @Bosogo Файлдарга бузулган шилтемелер оңдолду, азыркы учурда бузулган шилтемелер менен байланышкан категорияда домендердин барактары жок.
- "Иш үстүндө" адамга карата колдонулат, анын ордуна "колдонууда" дегенди сунуштайм деген сунуш боюнча жакынкы күндөрү оңдоолор болот. Аяктаган соң, жасалган ондоолор боюнча кошумча жооп жазам. Artelow (баарлашуу) 13:15, 27 ноябрь 2024 (UTC)
- @Bosogo Саламатсызбы.
- "Иш үстүндө" адамга карата колдонулат, анын ордуна "колдонууда" дегенди сунуштайм деген сунуш боюнча домендердин макамы толугу менен оңдолду. Artelow (баарлашуу) 07:27, 3 декабрь 2024 (UTC)
Эскертме
[булагын түзөтүү]2023-ж. декабрында "Түштүк океан" макаласын "Түштүк океаны" деп кайра атаптырсыз. Жаңы аталыш кыргыз тилинин грамматикасына жана көпчүлүк булактарга дал келбейт. Дээрлик 1 жыл ушундай туруптур.
Баары жаңылганын түшүнөм, эске алам, бирок бул эскертме ошол эле маалыматтын туура эместигин билип туруп кошууга («Бул туралуу маалыматтым бар болчу жана желектердин тарыхый варианттарын кошууга камданып жаткам») да тийиш, башка этиятсыздык менен кылынган түзөтүүлөрүңүзгө да тийиш (аларды билесиз). Көз жыргасын деп, кооздоо гана максатында жалган тууларды (жалган маалыматты) кошуп койгонуңуз — жол берилгис аракет. Биз форум эмеспиз, соц. тармак эмеспиз. Макаланын визуалдуу кооздугуна гана эмес, маңызына да көнүл бурушуңуз керек. "Экинчи дүйнөлүк согушу" макаласы эң маанилүү макалалрдын бири, мындай нерселер энциклопедиялуулук принцибине жатпайт. Мурда айтканымдай эле маалыматты дыкат текшерип түзөтүү керек. Bosogo (баарлашуу) 12:16, 22 ноябрь 2024 (UTC)
- Эскертмелер кабыл алынды жана тактоо максатында сиздин баракка кайрылуу калтырдым. Artelow (баарлашуу) 21:42, 24 ноябрь 2024 (UTC)
- Жооп берилди. Bosogo (баарлашуу) 23:43, 24 ноябрь 2024 (UTC)
Булактардын жоктугу
[булагын түзөтүү]Келтирилген макалаларда бир булак жок болгону үчүн тийиштүү чаралар көрүлдү: "Экинчи деңгээлдеги домен" (өчүрүлдү, бир сүйлөмдүү макала), "Колдонуучу:Artelow/Мышыктардын тукумдарынын (породаларынын) тизмеси", Колдонуучу:Artelow/Али Бонго Ондимба.
Кошумча суроолор жаралса мурдагы талкууну карасаңыз болот: Колдонуучунун баарлашуулары:Artelow#Ишенимдүү булактар Bosogo (баарлашуу) 19:28, 25 ноябрь 2024 (UTC)
- @Bosogo Кутман күн!
- Колдонуучу:Artelow/Али Бонго Ондимба барагы 25 ноябрда булактардын жоктугунун негизинде менин мейкиндигиме сиз тараптан которулган. Ал барак булактар менен коштолуп жана толукталды. Азыр мен бул баракты негизги мейкиндике чыгарсам эрежелерди бузбайбы? Artelow (баарлашуу) 07:37, 3 декабрь 2024 (UTC)
- Кутман күн. Чыгара берсеңиз болот. Ал үчүн "википедия" мейкиндигин "негизги" мейкиндигине алмаштырып, "Сомо/" дегенди алып салыш керек. Bosogo (баарлашуу) 08:06, 3 декабрь 2024 (UTC)
- @Bosogo Рахмат. Барак негизги мейкиндикке чыгарылды. Artelow (баарлашуу) 08:19, 3 декабрь 2024 (UTC)
- Кутман күн. Чыгара берсеңиз болот. Ал үчүн "википедия" мейкиндигин "негизги" мейкиндигине алмаштырып, "Сомо/" дегенди алып салыш керек. Bosogo (баарлашуу) 08:06, 3 декабрь 2024 (UTC)
- Али Бонго Ондимба барагы толукталып жана булактар менен коштолду. Бул баракты негизги мейкиндикке кандай чыгаруу кетектиги туралуу маалымат берип коюңузду өтүнөм. Bosogo
Artelow (баарлашуу) 14:41, 26 ноябрь 2024 (UTC)
Википедия: Азия Айы 2024кө катышуу
[булагын түзөтүү]Урматтуу @Artelow Азия Айлыгына катышуу үчүн сураныч: https://fountain.toolforge.org/editathons/asian-month-ky-2024 бул шилтеме менен кирип макалаларыңызды каттаңыз. ктивдүү катышууңуз үчүн рахмат! Mamatkazy (баарлашуу) 14:52, 3 декабрь 2024 (UTC)
- @Mamatkazy Саламатсызбы. Маалымат берип койгонуңуз үчүн чоң рахмат. Шилтеме менен өтүп каттап коём. Artelow (баарлашуу) 17:24, 3 декабрь 2024 (UTC)