Лорд-Хау аралы
Лорд-Хау (англ. Lord Howe Island) — бумеранг сымал, түндүктөн түштүккө 10 км созулган жана туурасы болжол менен 2 км болгон кичинекей жанар тоо аралы.
31°33′15″ ю. ш. 159°05′06″ в. д.HGЯO - координаттары боюнча жайгашкан.
Бул арал Австралияга таандык (Жаңы Түштүк Уэльс штатынын курамына кирет жана өзүнчө аймак катары эсептелет). Ички өзүн-өзү башкарууга макамына ээ.
Тасман деңизинде, Сидней шаарынын түндүк-чыгышында 770 км алыстыкта жана Жаңы Каледония аралынын түштүк-батышында 1200 км алыстыкта жайгашкан. Арал Австралиянын континенттик жээги менен ага таандык Норфолк аралынын ортосунда жайгашкан[1]. Лорд Хоу аралынын аянты 14,55 км²[2]. Туруктуу жашаган калкынын саны - 347 адам, ошол эле бир учурда аралда 400 туристтерге барууга уруксат берилген[3].
Экономика
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Азыркы мезгилде аралдын экономикасы туризмге негизделген. Ошондой эле декоративдик өсүмдүк катары кеңири колдонулган эндемикалык Howea forsteriana пальмасынын үрөнү экспортко чыгарылат.
Галерея
[түзөтүү | булагын түзөтүү]-
Howea forsteriana — аралдын эндемик пальмасы
-
Лорд-Хау аралынын панорамасы
-
Лорд-Хау аралынын деңиз музейи жана маалымат борбору
-
1965-жылы "Фаворит" кемесинин чөккөн жери
-
Недс Бич Роуддагу соода борбору
-
Соодагерлер кемеси
Дагы окуңуз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Draft Report: Review of the Lord Howe Island Act of 1954(англисче)
- ↑ Islands of Australia (англисче)
- ↑ 2006 Census QuickStats- Lord Howe Island (Statistical Local Area)(жеткиликсиз шилтеме) (англисче)
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Лорд Хоу аралынын башкармалыгынын расмий сайты Archived 2022-10-25 at the Wayback Machine
- World Heritage Places - Lord Howe Island Group
- LORD HOWE ISLAND ACT 1953 - As at 23 September 2020 - Act 39 of 1953(жеткиликсиз шилтеме)
Австралиянын административдик-аймактык түзүлүшү | ||
---|---|---|
Штаттар | Виктория • Батыш Австралия • Квинсленд • Жаңы Түштүк Уэльс • Тасмания • Түштүк Австралия | |
Ички аймактар | Австралиянын борбордук аймагы • Австралиянын түндүк аймагы • Жервис-Бей аймагы | |
Тышкы аймактар | Антарктикадагы Австралиянын аймагы • Ашмор жана Картье аралдары • Коралл деңизи аралдары • Норфолк аралы • Херд аралы жана Макдональд аралдары | |
Атайын макамы жок алыскы аймактар | Лорд-Хау аралы • Маккуори аралы | |
Мурдагы аймактар |
Мурдагы ички аймактар: Борбордук Австралия (1927—1931) • Түндүк Австралия (1927—1931) | |
Австралиянын Инди океанындагы аймактары | Кокос аралдары (Киллинг) • Рождество аралы | |
Дагы окуңуз | Австралиянын аймактары жана штаттары |